Мектеп бүтүрүүчүлөрү үчүн Акыркы коңгуроону кафелерде жана ресторандарда майрамдоого жана мыйзамсыз акча жыйноого быйыл да тыюу салынат. Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Эльвира Сариева бүгүн, 12-майда өткөргөн маалымат жыйынында билдирди. Сариева бул буйрукту аткарбаган мектептин жетекчилигине чара көрүлөрүн белгиледи.
"Мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн катышуусунда кырсыктардын саны көбөйгөндүгүнөн улам министрлик кафе жана ресторандарда окууну бүтүрүүнү майрамдоого тыюу салды. Мисалы, былтыр бир күн ичинде бүтүрүүчүлөрдүн катышуусунда 20дан ашуун жол кырсыгы орун алган",- деди министр.
Айта кетсек, мындай тыюу 2014-жылы да салынган.