Кыргыз мамлекетинде 2015-жылдын алгачкы 4 айында өндүрүштүн көлөмү былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 20,9 пайызга өстү. Бул тууралуу бүгүн, 12-майда Улуттук статистика комитетинен билдиришти. Өндүрүштүн көлөмү кен иштетүү тармагындагы алдыга жылыштарга байланыштуу өскөнү айтылды.
"Текстиль өндүрүшү, кийим, бут кийим жана башка тери буюмдарын өндүрүү былтыркы жылдагыдан артта калууда. Мындан тышкары электр энергиясын өндүрүү, бөлүштүрүү, азык-түлүк товарларын, тамеки жана желим буюмдарын өндүрүү да мурунку жылдагыдан аз болууда",- деп билдирет мекеме.