Кызылча жана кызамыктан айыгып кетүүгө орто эсеп менен бир адамга 6-7 миң сом сарпталат. Бул тууралуу бүгүн, 12-майда маалымат жыйын учурунда Жугуштуу оорулар боюнча республикалык клиниканын башкы дарыгери Гүлжигит Аалиев билдирди. Анын айтымында, мындай каражаттар биринчи учурда мамлекеттин казынасына залалын тийгизип жатат.
“Вакцинанын баасы болгону 60 сом турат. Эмдөөдөн бекер өтүп, көптөгөн акча каражаттарын үнөмдөсө болот”,- деди дарыгер.
Дарыгердин айтымында, учурда кызылча жана кызамык менен ооруп кайрылгандардын саны бир топ азайган.
“Быйылкы жылдын январь жана февраль айларында бир күндө биздин ооруканага 150-200 адам кайрылып, алардын 100гө чукулун ооруканага жаткырганга туура келген. Учурда Бишкек жана Чүй облустарында кырдаалдын турукташканы байкалды. Азыр 55 адам дарыланууда жатат”,- дейт Аалиев.