Окуу жылынын башталышы 15-сентябрга жылдырылбайт

Билим берүү жана илим министрлиги окуу жылынын башталышын 1-сентябрдан 15-сентярбга жылдырууга каршы. Бул тууралуу бүгүн, 12-майда маалымат жыйынында аталган министрликтин башчысы Эльвира Сариева билдирди.

“Балдардын мектепке 1-сентябрда барышы салт болуп калган. Биз аны бузбашыбыз керек. Окуу программасын кандайдыр бир жылдыруулар же кыскартуулар жайкы каникулдун кыскарышына алып келет. Балдар жайында 3 ай эс алып, кийинки окуу жылына даярданышы керек”,- деп түшүндүрдү Сариева.

Айта кетсек, окуу жылынын башталышын 15-сентябрга жылдыруу сунушу Жогорку Кеңеште айтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
malika79
2015-05-12 17:35:09
молодец
0
abdyldaeva
2015-05-12 18:16:50
Туура 1-сентябрда эле барганы жакшы го
0
Aidar.001
2015-05-12 22:07:02
ЖК те мектепти буткондор олтурабы озу? ,Билим куну деп 1-сентябрда дуйно жузундо сабак башталып жатса биз 15 ин кутуп олтурабызбы?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан