11-майда Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысы Асанбек Алымкожоев Бишкек шаарына келген Түрк Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын аскер кызматчыларынан турган делегация менен жолугушту. Аталган мекеменин маалымат кызматы Түркиянын Куралдуу күчтөрүнүн 7 генерал жана адмиралы кыргыз жерине таанышуу сапары менен келишкенин билдирди.
Аскер кызматчыларынын планында Куралдуу күчтөрдүн башчысы жана Кыргыз Республикасынын Коргоо министри менен жолушуудан тышкары Бишкек гарнизонунун аскер бөлүктөрүнүн бири, "Кант" авиабазасы, Кыргыз-Түрк "Манас" университети жана "Дастан" компаниясы менен таанышуу иш-чаралары, ошондой эле кеңейтилген маданий программалар каралган.
Иш-сапардын негизги максаты – эки өлкөнүн ортосундагы эки тараптуу аскердик жана аскердик-техникалык кызматташууну чыңдоо жана кеңейтүү, ошондой эле Куралдуу күчтөрдүн ортосундагы маданий тажрыйбалар жаатындагы байланышты жөнгө салуу.