Тышкы иштер министрлиги да Орусиядагы 5 жашар Болсунбектин ата-энесин издеп жатат

Кыргыз мамлекетинин Тышкы иштер министрлиги да Орусиянын Екатеринбург шаарында 5 жашар Болсунбектин атасы Майрамбек Орозов менен апасы Гүлмираны издеп жатат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына 12-майда Тышкы иштер министрлигинин маалымат бөлүмүнүн жетекчиси Нурлан Сүйөркулов билдирди. Анын айтымында, Болсунбек менен Тышкы иштер министрлигинин аталган шаардагы консулдугунун кызматкерлери жолугушту. "Баланын ата-энесин сөзсүз табышыбыз керек. Бул үчүн биз иш-аракеттерди жасап жатабыз. Эгерде табылбай калса, атайын документ чогултуп, баланы кыргыз жериндеги туугандарына өткөрүш керек",- деди Сүйөркулов. 
Айта кетсек, Орусиянын Екатеринбург шаарында Болсунбек апасы үйүнөн чыгарып жибергенин айтып, атасын издеп жүргөнү 10-майда "Элдик кабар" аркылуу жарыяланган. Бул арада Болсунбектин кыргыз жериндеги туугандары да SUPER.KG порталына байланышка чыгып, баланы кыргыз мамлекетине алып келип багып алганы жатышканын билдиришти. 
Орусияда 5 жашар кыргыз бала атасын издөөдө
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Kanybek.G
2015-05-12 17:15:50
ата энеси баладан тойгонбу тооба оз баласын кантип уйдон чыгарып конулу ток журушот издебестен мынча бейгам адамдар балан жыгылып калса бир жери каттык тийбеди бекен деп кыжалат болосун булар баласын издебегенине тан каласын озуда ширин балакай экен омурун берсин.
0
abdyldaeva
2015-05-12 18:08:43
Барган сайын ата-энелер эмне эле болуп жатышат
0
bema_bema
2015-05-12 19:32:29
Эгер чындап эле атайлап эшике калтырыпкетсе жоопко тартыш керек мындайларды,акыркы куну жаш балдарды кочого таштап кеткендер кобойуп кетти
0
mira28
2015-05-13 02:33:09
bema_bema, таштап кеткени анык да эгер жоготуп алган болсо 2кундун ичинде Екатеринбургду 10тытып издемек милицияга кабарласа табылмак эгер ата жнеси тируу болсо ата энелик укуктан ажыратуу керек мындай тарбичда оскон баланын келечеги жакшы болбойт.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан