Жогорку Кеңештин депутаттары Эльмира Жумалиева жана
Майрамкүл Тиленчиева бүгүн, 12-майда Бириккен Улуттар Уюмунун Өзгөчө
кырдаалдар боюнча мыйзамдар программасынын башкы кеңешчиси Пауло Кавалери, БУУнун Өзгөчө кырдаалдар боюнча
департаментинин активдештирүү жана координациялоо бөлүмүнүн жетекчиси Вирджини
Бохль менен жолугушту. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз
кызматынан билдиришти.
Тараптар “Өзгөчө жана кризистик кырдаалдар учурунда
эл аралык гуманитардык жардам жөнүндө” мыйзам долбоорун талкуулашты. Депутат Жумалиева “бул мыйзам долбоору эл аралык
гуманитардык жардамды алып келүүдөгү жана бөлүштүрүүдөгү мыйзамдык боштуктарды
эске алуу менен иштелип чыккан” деп билдирди.
Эл
аралык уюмдун өкүлдөрү Пауло Кавалери жана Вирджини Бохль эл аралык тажрыйбага
ылайык мындай мыйзам долбоорлорду кабыл алуу зарыл экенин айтышып, кыргыз жеринин мыйзам долбоорунда
бир катар күчтүү жактар бар экенин билдиришти.
Жолугушуу
учурунда 13-майда ушул мыйзам долбооруна тиешелүү маселелерди талкуулоо үчүн өкмөттүн,
эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнүн жана эксперттердин катышуусунда семинар өтөрү айтылды.