Жалал-Абад шаарындагы №16-балдар бакчасында кызамык оорусуна каршы буга чейин ата-энелерге, тарбиячыларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн. Аларга кызамык боюнча керектүү маалыматтар камтылган баракчалар таратылган. Бул тууралуу аталган бала бакчанын башчысы Митивар Эргешовага шилтеме берүү менен шаардык мэриядан кабарлашты.
"Биздин тарбиялануучу
балдарыбыздын ата-энелери өздөрүнүн
Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунан эмдөөдөн өтүп келишкендиги тууралуу
тактама алып келишет. Эмдөөдөн баш тарткан ата-энелерге эч кандай мажбурлоо
болбойт. Азырынча биздин бакчада эмдөөгө каршы эч ким жок. Ал эми эмдөөдөн кийин балдар бакчада жүрүп
ооруп калышса, биринчи жардам бергенге
дарыларыбыз бар",-
деп билдирген
М.Эргешова.