Мамлекеттик салык кызматы Евразиялык экономикалык союзга мүчө өлкөлөр менен маалымат алмашууга даяр

Мамлекеттик салык кызматы Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө өлкөлөрдүн салык органдары менен маалымат алмашууну өткөрүүгө даяр. Бул тууралуу аталган мекемеден 13-майда билдиришти. Маалыматка таянсак, мындай корутундуну Евразиялык экономикалык комиссия чыгарган. "Кыргыз өкмөтүнүн жарлыгынын негизинде Мамлекеттик салык кызматы төлөнгөн кыйыр салыктардын суммасы тууралуу ЕАЭСке мүчө мамлекеттердин салык органдарынын ортосунда электрондук түрдө маалымат алмашуу тууралуу протоколго кошулган. Учурда аталган протоколго ЕАЭСке мүчө бардык өлкөлөрдүн салык органдары тарабынан кол коюлган",- деп билдирет мекеме. 
Мындан башка да бир катар милдеттенмелер аткарылганы, кыргыз мамлекетинин башкы салык органы ЕАЭСке кошулуу жол картасындагы иш-чаралардын негизги пункттарын ишке ашырганы айтылды. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан