Жогорку Кеңештин депутаттары Оштогу бала бакчалардын жана мектептердин санитардык абалын текшерип чыгышты

Жогорку Кеңештин депутаттары Бөдөш Мамырова, Айнуру Алтыбаева Ош облусунда иш сапарда болушуп, Ноокат, Кара-Суу жана Араван райондорундагы калктын иче турган сууга карата муктаждыгына, айылдарда, бала бакчаларда жана мектептерде санитария менен гигиена шарттарынын сакталышына байланышкан абал менен таанышып чыгышты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештен 13-майда билдиришти. 

Депутаттар балдардын социалдык мекемелеринде санитардык шарттар жана ичилчү суу менен камсыз кылууга байланышкан чечиле элек маселелер көп экенин айтышты. Бул маселелерди жөнгө салыш үчүн санитардык ченемдер жана эрежелер укуктук статус ала элек экени да белгиленди.

Депутаттар андан кийин Ноокат районунун Найман айылында, Араван районунун Жер-Кыштак жана Юсупов айылдарында ичилчү сууну пайдалануучулардын айылдык коомдук бирикмесинин иши менен да таанышып чыгышты. Бирикме өкүлдөрү скважиналардан суу сордуруп чыгып жатканда роялти төлөө зарыл болуп жатканын белгилешти. Бул ченем КРнын "Жер казынасы жөнүндө" мыйзамы менен киргизилген жана анын калкты ичилчү суу менен камсыз кылууга байланышкан жагы тактоого муктаж. Мындан тышкары Ош облусунун тургундары айылдардын деңгээлинде ичилчү суунун өндүрүштүк көзөмөлү, бирикме менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өз ара аракеттениши тууралуу маселе көтөрүштү. Фермер аялдар фермерлер туш болуп жаткан айыл чарбасын алып баруунун кыйынчылыктары тууралуу кеп козгошту.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан