Жалал-Абад облусундагы Кара-Дарыя айылы менен Жалал-Абад шаарын бириктирген жолго көчкү түшүп, түнкү саат 2де жол тосулуп калды. Бул жол шаар менен айылды бириктирген жалгыз жол болгондуктан, жумушка бараткандар унааларын жолго таштап, жөө кеткенге мажбур болушкан. Бул тууралуу өзүн Залкар деп тааныштырган окурман SUPER.KG порталына кабарлады.
Анын айтымында, жолдо болжол менен 300дөн ашык унаа токтоп турат. “Бир айылдын тургундары шаарга жумуштары менен шашып баратышкан. Өзгөчө кырдаалдарга жооптуу мекемелердин өкүлдөрү келе элек болчу”,- деди окурман.