Бишкектин Манас-Чокморов көчөлөрүнүн кесилишиндеги көп кабаттуу үйдүн курулушу боюнча тагылып жаткан айыптоого Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча инспекция макул эмес. Бүгүн, 14-майда инспекциядан SUPER.KG порталына байланышып, маселе боюнча комментарий беришти.
"Биринчиден, ал жерде жер тилкесине үй курууга болбой турганы айтылып жатат. Жерге үй курууга Архитектура жана курулуш агенттиги уруксат берген. Биздин инспекция үйдүн техникалык сапатына, экологиялык талаптарды сактаганына көзөмөл жүргүзөт. Бул жерде инспекцияны эмне үчүн айыптап жатканы түшүнүксүз.
Экинчиден, биздин инспекторлор үйдүн курулушуна тыюу салган, бир нече эскертүү берилгенине карабай ишти токтотушкан эмес. Азыр сотто каралууда. Бул компания Жалда да үй курууда, башкы планда 9 кабат деп көрсөтүп, бирок иш жүзүндө 11 кабат курмакчы болушкан. Ал үйдүн курулушу да токтотулду. Бул компаниянын лицензиясын алуу боюнча биздин мекеме тийиштүү органга арызданды",- деп билдиришти аталган инспекциядан.
Эскерте кетсек, 13-майда ИИМ Манас-Чокморов көчөлөрүнүн кесилишине курулган үй боюнча кылмыш иши козголгонун, мыйзамсыз курулушка көзөмөл жүргүзбөгөнү үчүн Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча инспекция айыпталып жатканын билдирген эле.