Евразиялык экономикалык биримдикке кирген учурдан тартып кыргыз мамлекетинин жарандары ЕАЭСке мүчө мамлекеттердин аймагында 1 ай каттоосуз жүрө алышат. Бул тууралуу эмгек, миграция жана жаштар министринин орун басары Алмазбек Асанбаев 13-майда Бишкекте өткөн бизнес-форумда билдирди. "Буга чейин каттоосуз жүрүү мөөнөтү 7 күн болсо, эми 30 күнгө узартылат. Бул аралыкта кыргыз мамлекетинин жарандары миграциялык каттоого турбай коюшса болот",- деди министрдин орун басары.
Айта кетсек, 8-майда Москвада Жогорку евразиялык экономикалык кеңештин саммитинде аталган биримдикке мүчө мамлекеттердин башчылары кыргыз мамлекетинин бул биримдикке кирүүсү боюнча соңку эки протоколго кол коюшкан. Бул документтер уюмга мүчө ар бир мамлекеттин парламенттеринен ратификациядан өтүшү керек. Ошондо Кыргыз Республикасы ЕАЭСтин толук кандуу мүчөсү болот.