Бүгүн, 14-май күнү SUPER.KG порталына Айнагүл Урманова аттуу айым кайрылды. Анда ал жолдошу каза болгон соң кайнагасы үйдөн кууп чыгып, 8 жылдан бери ортончу баласын бербей жатканын айтты.
“Жолдошум Жоробай Урманов менен Өзбекстандын Үч-Үй районундагы Кызыр-Абад айылында турчубуз. Ал 2006-жылы каза болуп калган. Артында эки уул, бир кызы калды. 2007-жылы кайнагам Сатыбалды Урманов (Өзбекстандын жараны) үйдөн кууп чыккан. Мындан улам Аксы районундагы апамдын үйүнө келе бергем. Ошол эле жылы кайнагам ортого кишилерди салып, 1999-жылы туулган ортончу баламды “чоң атасына жолуктуруп келем” деп алып кетип, бүгүнкү күнгө чейин бербей жатат. Баламды мал кайтартып коюшкан. Аны өзүмө алуу боюнча кайрылбаган жерим калган жок. Үч-Үй райондук соту жана Наманган облустук соту да “бала апасы менен болсун” деген чечим чыгарган, бирок ал чечимди Сатыбалды Урманов аткарбай келет”,- дейт Айнагүл Урманова.