Кыргыз мамлекети ЕАЭБге киргенден кийин Орусияга кеткен кыргыз жарандарынын саны 80 миңге чейин көбөйүшү мүмкүн. Бул тууралуу 14-майда эмгек, миграция жана жаштар министри Айбек Азыранкулов Орусиянын Федералдык миграция кызматынын өкүлдөрү менен бирге өткөргөн маалымат жыйында билдирди. Анын айтымында, 2015-жылдын 14-апрелине чейин Орусиянын аймагында расмий түрдө 505 миң кыргыз жараны катталса, эми бул көрсөткүчтүн 60-80 миңге өсүүсү күтүлүүдө.
"Буга Орусияда кыргыз жарандары үчүн каралып жаткан жеңилдиктер себеп болот",- деди министр.