Дамира Ниязалиева: "Акчанын жардамы менен диссертация жактоо эч кимдин оюна келбей тургудай шарт түзүү керек"

"Учурда кыргыз мамлекетинин Жогорку аттестациялык комиссиясында коррупциялык схемаларды жоюу боюнча иштер жүрүп жатат. Диссертациялык кеңештин мүчөлөрүнүн санын 13кө чейин түшүрүү, расмий оппоненттердин жана эксперттердин тизмесин, кезекке туруунун электрондук системин түзүү сунушу ишке ашырылууда. Репутациялык жоопкерчилигин актабаган илимий жетекчилер жана расмий оппоненттер киргизиле турган "кара тизме" түзүү иштери жүрүүдө",- деп билдирди вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева 13-майда тармактык мамлекеттик органдардын башчылары менен жолугушууда.  
Өкмөт мүчөсү илим тармагында 13 коррупциялык тобокелчилик аныкталганын, аны жоюу үчүн 33 иш-чара сунушталганын кошумчалады. 
Иш-чарадагы бардык 154 пункттун аткарылышы улам текшерилип турарын белгилеген Ниязалиева: "Биздин максат - Диссертациялык комиссиянын ачык иштешине жетишүү, акчанын жардамы менен диссертация жактоо эч кимдин оюна келбей тургудай болушу керек",- деп билдирди. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан