Кыргыз жеринде кант диабетине чалдыккан 50 миңдей киши бар

Дүйнөдө кант диабетине чалдыккан 387 миллион адам бар. Муну бүгүн, 14-майда Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди. Министрликтин башкы эндокринологу Роза Султаналиева кант диабети дүйнөнүн бардык өлкөлөрүндө кулачын жайып, олуттуу социалдык көйгөйгө айланганын белгиледи. "Кант диабетинин жайылышы жыл сайын күчөп, божомолдорду басып өтүүдө. Кыргыз мамлекетинде 2014-жылы бул дартка кабылган 47 700 адам каттоодон өткөнү белгилүү болгон. Инфаркт, инсульт, бөйрөктүн оорушу кант диабетинин өтүшүп кетишинен шартталган оорулардын тизмесинин айрымдары гана",- деп билдирди Султаналиева.  
Дарыгер кант диабетинен жабыркагандарга узак мөөнөттүү медициналык жардам көрсөтүүдө мээрман айымдардын ролу жогорулап жатканын кошумчалады. "Врач-эндокринологдор жана үй-бүлөлүк дарыгерлер мээрман айымдарды тең укуктуу өнөктөштөр катары эсептешет",- деди ал. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
jazgul80
2015-05-14 16:47:40
Мумкун андан коптур оорулуулар бар акчасы жок больницага барганга врачка анализге бергенге .
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан