Президент Алмазбек Атамбаев “Юридикалык жактарды, филиалдарды мамлекеттик каттоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу” мыйзамга кол койду. Документ Жогорку Кеңеш тарабынан 2015-жылдын 9-апрелинде кабыл алынган. Мыйзамдын максаты - колдонууда бири-бирине каршы келген ченемдерди жана кайталанган түшүнүктөрдү, мыйзамдагы кемчиликтерди жоюу, ошондой эле субъектилерди каттоо тартибин жөнөкөйлөтүү.
Мыйзамда төмөндөгү ченемдер каралган:
- киргизилген толуктоолорго ылайык, Конституция менен аныкталган мамлекеттик бийлик органдары юридикалык жактардын укуктук жөндөмдүүлүгүнө ээ жана каттоого жатпайт;
- юридикалык жактын иш-аракети токтогон учурда счёту (счёттору) жана жоюу балансы жабылгандыгы тууралуу банктын маалым катын каттоочу органга берилүүчү документтер тизмесинен алып салуу;
- акционердик коомдун иш-аракети токтогон учурда баалуу кагаздардын рыногун жөнгө салган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жазуу жүзүндөгү макулдугун талап кылган ченемди жоюу;
- кредиторлор жок болгон учурда юридикалык жак каттоочу органга алардын жок экендиги жөнүндө реорганизацияга кабылган юридикалык жактын жетекчисинин кол тамгасы коюлган гарантиялык катты тапшыруу жөнүндө ченем;
- юридикалык жактар банкрот болгондо (соттук жана соттон тышкары тартипте) иш-аракетин токтотууну каттоо тартибин киргизүү;
- юридикалык жактын, филиалдын (өкүлчүлүктүн) аталышы жыныстык белгилери, расасы, тили, майыптуулугу, этноско таандыгы, туткан дини, курагы, саясий жана башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк же башка абалы боюнча кодулоо элементтерин, ошондой эле одоно жана адепсиз (уят) сөздөрдү камтыса, каттоого тыюу салуу жөнүндө соттун чечими болгондо юридикалык жакты, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) каттоодон баш тартууга жол берилүүчү толуктоолор.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.