Өкмөт программасынын максатына жетишүү үчүн каржы министри 2015-жылы 7 милдетти аткарышы керек

2015-жылга өкмөттүн программасынын максат жана милдеттерине жетишүү боюнча каржы министринин иш-аракеттеринин планына ылайык 7 милдет коюлган. Бул тууралуу 14-майда Каржы министрлигинен билдиришти. Каржы министринин алдына төмөнкүдөй милдеттер коюлган:

1. Өнүктүрүү долбоорлорунун жана капиталдык салымдардын каржыланышына коомдук көзөмөлдү күчөтүү.

2. Бюджеттин майнаптуу эмес чыгашаларын кыскартуу.

3. Программалык бюджеттөөгө этап-этабы менен өтүүнү улантуу.

4. Мамлекеттик каржыларды пайдалануунун ачык-айкындыгын жана майнаптуулугун жогорулатуу.

5. Мамлекеттик карызды майнаптуу башкаруу.

6. Электрондук сатып алууларды жүргүзүүгө өтүүнү камсыздоо.

7. Мурда берилген мамлекеттик зайым каражаттарынын кайра кайтарылышын камсыз кылуу жана Баалуу металлдар департаментин өзгөртүп түзүү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан