Бишкекте гендердик теңчилик боюнча эл аралык конференция өтүүдө

Бүгүн, 15-майда Бишкектеги мамлекеттик резиденцияда "Пекин+20" конференциясынын чечимдерине ылайык, "Гендердик теңчиликке жетүүдөгү парламенттин ролу" аттуу эл аралык конференция өтүүдө. Конференциянын максаты - кыргыз мамлекетинде эл аралык милдеттенмелердин алкагында гендердик теңчиликке жетүүдөгү парламент менен өкмөттүн ролун арттыруу. Жыйынга Жогорку Кеңештин депутаттары, төрага Асылбек Жээнбеков, президенттин аппарат башчысы Данияр Нарымбаев жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышууда. Анда Данияр Нарымбаев президент Алмазбек Атамбаевдин аялдардын кыргыз мамлекетиндеги орду тууралуу кайрылуусун окуп берди. 

Жыйынды өткөрүү иштери Пекин шаарында өткөн Аялдардын абалы боюнча IV дүйнөлүк конференциянын 20 жылдыгына арналууда. Конференция 16-майда улантылып, ага өкмөт башчы Темир Сариев катышат.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан