"Кээде маанилүү чечимдерди кабыл алууда эркектер менен аялдардын чыныгы жашоодогу салттык укуктары алмашып жатат". Бул тууралуу өлкө башчы
Алмазбек Атамбаевдин 15-майда "Г
ендердик теңчиликке жетүүдөгү парламенттин ролу" аттуу эл аралык конференцияда жасалган кайрылуусунда айтылды. Мамлекет башчынын кайрылуусун конференция катышуучуларына президенттин аппарат башчысы Данияр Нарымбаев окуп берди: "Азыркы учурда Кыргыз Республикасында аялдардын өлкөдөгү саясий, коомдук, экономикалык-маданий тармактарга тартылуусу жана жогорку кызматтарга келүүсү кеңейип жатат. Жогорку Кеңештеги депутаттардын 20 пайызы, Жогорку Соттогу судьялардын 60 пайызы аялдар, Эсептөө палатасынын төрайымы жана башкы прокурор аял. Ошондой эле башка жогорку кызматтарды да аялдар ээлеп турушат".