Кечээ, 5-июлда "Бишкек Арена" муз аянтчасында грек-рим күрөшү боюнча өспүрүмдөр арасында (U-15) Азия чемпиондугу жыйынтыкталды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.
Маалымдагандай, мелдешке өлкөдөн тышкары Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Индия, Түштүк Корея, Түндүк Корея, Иордания, Тайбей, Түркмөнстан жана Япониянын спортчулары катышкан. Анда Кыргызстандын курама командасы 1 алтын, 2 күмүш жана 4 коло медалга ээ болду.
Алтын байгени 85 килограмм салмак ченинде катышкан Хасан Гасанов уткан. Күмүш медалга Нурислам Шаимкулов (38 килограмм) жана Байел Асылбеков (62 килограмм) ээ болушса, Юсуф Баялиев (44 килограмм), Нурэл Өзгөнов (48), Бакай Рустамов (57) жана Нурдин Анаркулов (75) коло байге утушту.