Алмазбек Атамбаев өкмөт башчыга жергиликтүү маанидеги автожолдорду реабилитациялоо программасын иштеп чыгуу боюнча тапшырма берди

Президент Алмазбек Атамбаев премьер-министр Темир Сариевге жергиликтүү маанидеги автожолдорду реабилитациялоонун атайын программасын иштеп чыгып, ишке ашыруу боюнча тапшырма берди. Бул тууралуу 15-майда президенттин маалымат кызматы билдирди. 

Өкмөт башчы менен республиканын транспорттук инфраструктурасын өнүктүрүү маселелерин талкуулап, Алмазбек Атамбаев акыркы жылдары өлкөдө республикалык жана эл аралык маанидеги автомобилдик жолдорду куруу жана оңдоо ишинде олуттуу жылыштар болгондугун белгиледи. Бирок, мамлекет башчынын ою боюнча, өлкөнүн аймактарында жергиликтүү маанидеги жолдорду тиешелүү деңгээлде тейлөөгө жана курууга финансылык каражаттардын жетишсиздиги байкалып жатат.

Аймактарды өнүктүрүү перспективасын эске алуу менен Атамбаев өкмөткө жергиликтүү маанидеги жолдор үчүн, айрыкча райондук жана облустук борборлордогу жолдор үчүн атайын программа иштеп чыгып, аны ишке ашырууга керектүү каражаттарды табуу милдетин тапшырды.

Мамлекет башчысынын пикири боюнча, аймактардагы автомобилдик жолдорду реабилитациялоо өлкөбүздүн өнүгүшү үчүн республикалык жана эл аралык маанидеги стратегиялык жаңы автотрассаларды куруу сыяктуу эле мааниге ээ.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан