Кыргыз мамлекетинин Швейцария, Лихтенштейн, Италиядагы элчиси, Женева шаарындагы БУУнун жана башка эл аралык уюмдардагы туруктуу өкүлү Гүлнара Искакова ээлеген кызматынан бошотулду. Тийиштүү буйрукка мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев кол койгонун бүгүн, 15-майда президенттик аппараттан билдиришти.
Г.Искакова башка ишке которулганына байланыштуу иштен алынганы айтылды.