ЕККУнун өкүлү: "Гендердик милдеттенмелерди аткарууда парламенттин ролу маанилүү"

"Гендердик милдеттенмелердин аткарылышына парламенттик көзөмөлдү калыптандырууда парламенттин ролу өзгөчө мааниге ээ",- деп билдирди Европа кызматташтык коопсуздук уюмунун Парламенттик ассамблеясынын Башкы катчысынын орун басары Густаво Палларес бүгүн, 15-майда Бишкекте өткөн эл аралык конференцияда. 

Бардык өлкөлөрдө гендердик көнүмүштөрдү жана аялдарды басмырлоону жоюу жаатындагы мыйзамдарды өркүндөтүү зарыл экенин белгиледи. “Мыйзамдык маселелерди чечүүдө, албетте, өлкөлөрдүн улуттук парламенттери менен Акыйкатчы институттары чоң роль ойнойт. Ошондой эле көптөгөн гендердик маселелер мамлекеттик колдоо көрсөтүү жолу аркылуу чечилет”,- деп кошумчалады Палларес.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан