Бүгүн, 16-майда президент Алмазбек Атамбаев 7 жана андан көп бала төрөгөн энелерге Баатыр эне орденин тапшырат. Маалым болгондой, салтанаттуу иш-чарага жалпысынан 18 эне чакырылган: ар бир облустан жана Ош, Бишкек шаарларынан 2ден Баатыр эне келмекчи.
Айта кетсек, президенттин жарлыгы менен 7 жана андан көп бала төрөгөн 3654 энеге Баатыр эне ордени, 6 жана андан көп бала төрөгөн 578 энеге Эне даңкы ордени тапшырылат.