22-24-май күндөрү Кыргыз Республикасында биринчи жолу Түркмөнстандын маданият күндөрү өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 16-майда Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, иш-чаранын ачылышы 22-май күнү саат 18:00дө Түркмөнстандын маданият жана искусство чеберлеринин катышуусунда Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өтөт. Ал эми 23-май күнү Г.Айтиев атындагы көркөм өнөр музейинде сүрөт көргөзмөсү ачылат. Ошондой эле Ч.Айтматов атындагы Кино үйүндө түркмөн тасмалары коюлат. Каалоочулар үчүн эшик ачык.