Энелердин майрамына арналган концертте орусиялык белгилүү ырчыларга ырдоо кезеги элдин көпчүлүгү тарап кеткенде берилди

Энелер күнүнө карата Бишкектеги "Ала-Тоо" аянтында өткөрүлгөн концертте президент Алмазбек Атамбаевдин демилгеси менен чакырылган орусиялык ырчылар Филипп Киркоров, Николай Басков жана Жасминге ырдоо кезеги көрүүчүлөрдүн көпчүлүгү кетип калгандан соң берилди. Алгач аянтка он миңден ашуун эл чогулган. Нөшөрлөп жааган жамгырдан улам орусиялык ырчылар сахнага чыкканча эле көрүүчүлөрдүн жарымы үйлөрүнө кетип калышты. Иш-чара саат 19:00дөн 20:15ке чейин өтүүсү пландалса, саат 19:30да башталып, 22:00дө аяктады. Сахнаны кыргыз ырчылары ачып, жалпы 1 саат 40 мүнөт ыр сунушту. Кеченин 2-бөлүгүн орусиялык ырчылардан Жасмин ачты. Андан кийин Николай Басков жана Филипп Киркоров ырдап, ар бири 6-7ден ыр сунушту. Орус ырчыларынын ырын угууну чыдамсыздык менен күткөн айрым көрүүчүлөр жаандан качып "Илбирс" имаратынын ичинде туруп угуп жатышты. Ал эми кол чатыры барлар сахнага жакын турушту.
Айта кетсек, өлкө башчынын демилгеси менен 2012-жылдын май айынын үчүнчү жекшембисинен тарта кыргыз мамлекетинде Энелер күнү белгиленип келет. Бул күн энелердин коомдогу ордун, статусун жогорулатып, энелерге көңүл бурууга арналган күн болуп эсептелинет
Аталган концертке чакырылган орусиялык ырчылардын гонорарын президент өз каражатынан төлөп бергени маалым. Иш-чараны Бишкек мэриясы уюштурду.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (29)
sagynbek89
2015-05-17 14:31:32
Коройун деп бардымле буюрбаптыр жаан башталганда эле кетишке туура келди.
0
Arti
2015-05-17 14:38:30
Видеосун кутобуз супер.
0
nurzada78
2015-05-17 14:39:18
Мен болгондо,жаан жааса да кормокмун
0
suiuktuujar
2015-05-17 15:01:48
Неси болсода тынч отконуно шугур.
+2
sonka89.
2015-05-17 15:11:32
Ошончо акчаны каятагы оруска бергенче озубуздо кыйналган карапайым элге берсе болмок...
-3
modem4999
2015-05-17 15:21:50
Ар кимге акыл уйротуп компютерде отургандан коро,ошол жерге барып зонтик сатсак болмок экен.
+13
asi15
2015-05-17 15:49:42
Копчулук энелер ал ырчыларды тааныбаса деле керек. Андан коро, озубуздун улуу муундагы ырчыларыбызды ырдатса соонун болмок. Энелерибиз да тээ жсш кезине барып келмек
-3
Sema04
2015-05-17 17:28:56
Мейли канча бир суммадагы акча кеткендир.Бирок Орусиядан келген ырчыларды концертин башында же ортосунда чыгарса болбойт беле??? Энелердин майрамы куттуктайм!!!
0
mirbek2211
2015-05-17 19:04:09
Эмнеси болсода келип кетишти. Болгону жаан жаабай турса соонун болот эле. Копчулугу орус ырчыларын коргону барды эле жаан корсото койбоду. Таркап кетишти.
+1
Gulnaz.GS
2015-05-17 19:26:29
ошолорго кеткен акчаны апаларга дары дармек алып берсе болмок
-2
OTYPBARATYPELEEE
2015-05-17 20:24:39
Биздин сапсандаган фонограммистерди бир саат эзилтип сахнаны тебелетпей, ошол конок ырчыларды кобуроок ырдатса болмок. Атайын акча толоп алыстан атайын энелердин урматына алып келген сон. Биздин "жылдыздарды" корбой жургонсубой.
)))
+2
ajo-nur
2015-05-17 20:33:09
мисалы,мага жаккан жок. Же сахнадагылар корунбоду, же суйлогон создору,ырдаган ырлары угулбады...жаанда жудоп эле келдик нааразы болуп.
-3
nelya88
2015-05-18 10:59:54
ajo-nur, негизи жудогон адам кайда болбосун жудомуш бойдон калат,ал эми тыныраактар алдын ала аба ырайын билип алып,жылуу кийинип,колуна кол чатырын алып,эртерээк барып алдыраак туруп,жакшынакай коруп уйуно кайтышты...Рахмат,президентибизге!
0
Boldukan86
2015-05-18 00:37:14
тв дан кордук жакшы ырдашыптыр жандуу ун менен адашпасам Киркоров ыйлаптыр. элге ичим ачышты жамгырда туруп корушуптур. очошконсуп жамшыр ношорлоп эле жаадыда. себелеп турбады хотя бы.
+1
sergo
2015-05-18 03:54:45
Киркоров менен Басков эле эмес Лазеров бирде бир орустун баласынын туулган кунун бир кечти 1милион рублга алып барган. Ошол ресторанда мен иштейт элем эсим оогон айланайын бул акчаны эмне кылат деп. Басков менен Киркоров дагы арзан келиптип 200$болсо. Чын эле Иса Айгул каяктагы фонаграманы ырдатбай биринчи ошолорду ырдатбаптыр. Иса бир кечеде жандуу ырдаган экен угуп журогум сыгылды кичинк вокалдан сабак алса ага караганда мен жакшы ырдайм тобо кылдым
0
bakyt_2015
2015-05-18 08:29:46
Ырчылардын алган акысы тууралуу тизмесин окудум эле.Анда Пугачева чакырууга барып ырдаганы учун 50мин доллар алат экен.Россияда андан ашып акча алган ырчы жок деп журду эле.Бул жерде кээбиринер 200мин деп Киркоровдун концертин уюштуруп берип жургондой эле жазыпсынар да.Эмнеси болсо да маанайды которгон майрам тартуулап беришти.Ырахмат деш керек ырчыларга да,президентке да. Бироонун чонтогун санаганды койсонорчу.Бироолору айтат энелерге болуп бериш керек эле деп кимдин оозунан табасын аны.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан