15-майда коррупцияга
шектелип кармалган ЖКнын депутаты Карганбек Самаковго каршы көрсөтмө берген башкы
күбөлөрдүн бири күч органдарына жалган маалымат бергенин айтты. Бул тууралуу депутаттын
жакындары кабарлашты. Күбө депутаттан өч алуу максатында ушундай кадамга
барганын айткан. Кошумчалай кетсек, депутат Чүйдүн Кара-Жыгач, Байтик жана Лебединовка айыл аймактарында 262 гектар жер тилкесин мыйзамсыз трансформациялоо (мисалы: дыйканчылыкка деп бөлүнгөн жерди үй салууга боло тургандай категорияга которуу) кылмышына
айыпталып кармалган.