Бүгүн Жогорку Кеңеште кыргыз мамлекетинин Евразиялык экономикалык биримдикке кирүүсү боюнча мыйзам долбоору каралат

Бүгүн, 18-майда Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин отурумунда “2014-жылдын 29-майындагы Евразиялык экономикалык биримдик жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусу боюнча эл аралык келишимдерди ратификациялоо тууралуу” мыйзамдын долбоору каралат. 
Жыйында эл өкүлдөрүнүн суроолоруна экономика министри Олег Панкратов жооп бермекчи. 
Жогорку Кеңеш документти ратификациялоодон өткөргөн соң ага президент Алмазбек Атамбаев кол коёт.
Айта кетсек, биримдикке мүчө мамлекеттердин башчылары 8-майда Москвада өткөн жыйында кыргыз мамлекетинин биримдикке кошулуусун колдоп, соңку документтерге кол коюшкан. Эми парламенттер тарабынан толук ратификациядан өткөрүлгөн соң Кыргыз Республикасы Евразиялык экономикалык биримдикке кошулат. 


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан