Бишкектеги Ибраимов көчөсүн оңдоо иштери жүрүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 18-майда Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти. Белгилүү болгондой, Ибраимов көчөсүнүн чыгыш жагында оңдоп-түзөө иштери уланып, Чүй кең көчөсүнөн Фрунзе көчөсүнө чейин асфальттын биринчи катмары төшөлдү. План боюнча аталган объект ушул жылдын август айына барып бүткөрүлөт.
Эскерте кетсек, Ибраимов көчөсүнүн капиталдык оңдоо иштери шаардык бюджеттин эсебинен жүргүзүлүүдө.