Жогорку Кеңештин төрагасы: "Жүргүзүлүп жаткан иштердин баары мамлекетти жана элдин ынтымагын бекемдөөгө багытталган"

Бүгүнкү күндө жүргүзүлүп жаткан иштердин баары мамлекетти жана элдин ынтымагын бекемдөөгө, өлкө экономикасын көтөрүүгө багытталган. Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков мындай пикирин 16-майда Чүй облусундагы Кемин районунун эли менен болгон жолугушуусунда айтканын Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.  

Жээнбеков өлкөбүздү энергетикалык көз карандысыздыкка жеткирүүгө багытталган ири энергетикалык долбоорлор, курулуп жаткан Түндүк-Түштүк кошумча унаа жолу, мамлекеттик тилди өнүктүрүү, дин саясатын жөнгө салуу, күчтүү армия түптөө максатында кабыл алынган Аскер доктринасы сыяктуу келечектүү иштерди тизмектеп берди. Ошондой эле төрага шайлоолорду ачык-айкын, адилет өткөрүү үчүн жетиштүү шарттар түзүлгөнүн кошумчалады.  

Жергиликтүү тургундар бала бакчаларды ишке киргизүүдө штат маселеси жаралып жатканын, райондук оорукана, Маданият үйү, мектептин спорттук залы сыяктуу кээ бир социалдык объектилер оңдоодон өтпөгөнүн, ошондой эле айыл чарбасы менен электр энергиясы жаатында көйгөйлүү маселелер бар экенин айтышты. 

Жээнбеков өз маалында мыйзамсыз менчиктештирилген бала бакчаларды кайтаруу боюнча Жогорку Кеңештин кабыл алган токтомунун негизинде бүгүнкү күндө жалпысынан 112 бала бакча кайтарылганын, анын 62си азыр өз максатында иштеп баштаганын маалымдады. 

“Элибизди бала бакчалар менен камсыздашыбыз керек. Сиздердин койгон штат маселеси жакында Жогорку Кеңеште 2015-жылдын республикалык бюджетине түзөтүүлөрдү киргизүүдө эске алынат. Ал эми райондук оорукана, Маданият үйү, мектептин спортзалынын имаратын оңдоп-түзөө боюнча аткаруу бийлигине тапшырма берилет”,- деди Жээнбеков.

Жакында эле өткөн Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинде энергетика маселеси талкууланганын эске салган парламент жетекчиси энергетика тутуму түп-тамыры менен өзгөрө тургандыгын, олуттуу реформа жүрөрүн билдирип, кандай болгон күндө да элдин жарыгы өчпөшү керек экенин баса белгиледи. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан