Азамат Сулайманов (сүрөттө) Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын биринчи орун басары болуп дайындалды. Тийиштүү жарлыкка премьер-министр
Темир Сариев кол койгонун 18-майда өкмөттөн билдиришти.
Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин биринчи орун басары болуп иштеп келген Мукай Кадыркулов өкмөт башчынын башка жарлыгы менен кызматтан бошотулду.