Чеченстанда 46 жаштагы полиция башчысы менен 17 жаштагы кыздын үйлөнүүсү чуу жаратып, "кылымдын үйлөнүү тою" деп аталды

Орусиянын аймагындагы Чеченстан Республикасында 46 жаштагы (айрымдары 57 деп жазышууда) полиция башчысы Нажуд Гучигов менен 17 жаштагы Луиза Гойлабиева үйлөнүү тоюн өткөрүштү. Иш-чараны "кылымдын үйлөнүү тою" деп атап, орусиялык басылмалар жарыялашты.
Маалыматтарга ылайык, башында түгөйлөр Жарандык абалдын актыларын каттоо бөлүмүндө (ЗАГС) каттоодон өтүштү, андан соң Грозный шаарындагы ресторандардын биринде той орун алды. "Ошол тойго Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров катышып, улуттук лезгинка бийин бийледи",- деп жазышты басылмалар.
Мындан тышкары  Н.Гучиговдун биринчи аялы бар экени, бирок аны менен ЗАГСта каттоодон өтпөгөнү да маалым болду.
Полиция башчысы менен 17 жаштагы Луизанын үйлөнүүсү коомчулукта чуу жаратты. Айрым укук коргоочулар "бойго жете элек кызга басым көрсөтүлүп, андан макулдук алынды" деп кыздын укуктары тебеленгенин айтышууда. Орусиянын Бала укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Павел Астахов буга каршы пикирин билдирди. Анын айтымында, Чеченстанда жашына жетпей эле үйлөнүү - адаттагыдай көрүнүш. "Конституция жарандардын жеке жашоосуна кийлигишүүгө тыюу салат",- деди Астахов.
Чеченстанда 46 жаштагы полицейский менен 17 жаштагы кыздын үйлөнүүсү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (18)
zaika.tvo9.1990
2015-05-18 17:43:32
Байкуш кыздын жузундо бактылуулуктун изи байкалбайт го. Кантсе да бактылуу болсунчу.
+3
naaazka
2015-05-18 17:43:37
karyganda kaljandap uyalbaiby kyzyndai bolgon kyzga uilonup. kyzga kyiyn boluptur anyn oiun surawpasa dele kerek bechara dese
0
eliko
2015-05-18 17:44:46
Кыз жаштыгын,чал байлыгын арнаптыр да.Бул кылмыш деп деле эсептебейм,тан калыштуу да эмес,норма,эркек бага алса он катын алсын.
+8
Bors
2015-05-18 17:51:55
Эми президенттин кишиси экенда не дейбиз. Акчан коп болсо бай болсон кыздар чыгат тием деген жашына карабастан.
-2
amanatym
2015-05-18 17:52:45
Бактылуу болушсун!
+2
Bors
2015-05-18 17:53:01
Эми президенттин кишиси экенда не дейбиз. Акчан коп болсо бай болсон кыздар чыгат тием деген жашына карабастан.
-1
dentistka
2015-05-18 18:17:00
mmm, myndaylar kop ele bolotko bizde misaly samara karimovaa menen kuioosu dele uwularday ele, bizdikilerda syilyk berip koiuwpaptyrda.
+1
Kairatmyn
2015-05-18 19:55:43
Тан калуунун кереги жок! как будто Кыргызстандын тарыхында болбогондой тан калуунун да кереги жок. Керек болсо бул корунуш биздин ата бабаларыбыз да да болгон. Орустарга мусулмандарды чечендерди жамандатып эле койсо болду. Бул той болбостон туруп бир жума бурун узычуу башталган. Орустар оздорун билбей эле ызылдап паника чыгара бергени жакпайт. Оздорундо жашы жете элек кыздары милионерлерге тийип атканын эч ким айтпайт. Орустар мусулмандарды эле андыганы андыган. Мусулмандардан айлангыла.
+6
jarkyn_jakta_jasha
2015-05-18 20:08:56
Kairatmyn,туура айтасын, жалан гана мусулмандарда ушул сыяктуу окуя кездеше тургандай жар салып чыгышат... чын чынына келгенде орустун оздорунун жаш кыздары ар кандай бай менен ойнош болуп жашап жатышканы менен иши жок... а бул жерде расмий турдо ЗАГСта катталышыптыр, ак нике мн уй було куруп жатышат... ал эми кыздын макулдуугу жок эле куч колдонуп уйлонуп алды деген соз тастыкталган соз эмес, как будто коруп алар жанында шам кармап тургандай суйлогонубузду коелу, туугандар
+2
st1m_
2015-05-18 20:33:51
46жашында эркек киши токтолуп, ар ишке акыл салып, салмактуу ой жугуртуп калган курагы.Жогоруда чал деп шакаба чеккендер бар экен, бул куракта 17жаштагы бир эмес беш кыз алганга дареметтуу курак деп билем. Кызга келсек конулу бар учун тийди да, ал бул дегидей азыр 19кылым эмес.
+4
Medina87
2015-05-18 23:23:49
Азаматтар, баарын; Ушак-айын, компроматтын баарын женишти!! Рамзан Кадыровто турган эчтенке жок, тек Гучигов менен достугу болбосо. Бактылуу болушсун!!!!!
0
jon.as
2015-05-19 06:25:56
бактылуу болушсун!атын чыкпаса жер орто дегендей. Акчан болсо кулунмун деген заман азыр. Акчасы барлар мындай 17 жаштагы кыздын 10ду алатда. Биздин жепжуутарларда да бар болсо керек мындай бирок, албетте жашыруун. Бул адам эрдик кылыптыр ачык, по зокону офицалдуу турдо уйлонуп.
+1
Pantherka
2015-05-19 10:39:42
Жантай чалдар кобойду, жаш аялдын ошончо азабы бар да, жашарам менен убара болуп куруп кетишет анан.
+1
010288
2015-05-19 14:41:47
заман ээй заман кары эркектер жаш кыздарды алып,кары аялдар жаш балдарга тийип тоообоооо
0
bema_bema
2015-05-19 14:47:21
Самара Каримованын куйосу экоонун жашы ушундай эле айырма болсо керек бизде деле бар мындайлар тан калбай эле койуш керек
+3
Aselina_tt
2015-05-19 19:10:56
Мындай окуя менин чойромдо эле болгон.17 жашында классташым озунон 45 жаш улуу чалга тийип алган
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан