Алмазбек Атамбаев жазгы талаа иштеринин жүрүшү менен таанышты

Бүгүн, 18-майда президент Алмазбек Атамбаев өлкөнүн айыл чарба жана мелиорация министри Таалайбек Айдаралиевди кабыл алды. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы жарыялады.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин ишмердүүлүгүнө байланыштуу, жазгы талаа иштеринин жүрүшү, ошондой эле 2013-2017-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясында каралган ирригациялык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча маселелер талкууланды. 

Мындан тышкары министр Т.Айдаралиев мамлекеттин айыл чарба продукциясын сертификациялоо лабораторияларын Евразиялык экономикалык союздун ченемдерине ылайыкташтыруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер боюнча маалымат берди.

Президент А.Атамбаев мындан ары да жаңы сугат жерлерин пайдаланууга киргизүү, дыйкан чарбаларын сугат суусу менен камсыз кылуу зарылчылыгын, мамлекеттин Евразиялык мейкиндиктеги экономикалык интеграциялык процесстерге катышуусунун контекстинде айыл чарба тармагын өнүктүрүү өзгөчө маанилүү экендигин баса белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан