Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер боюнча комитети бир катар ратификациялык мыйзам долбоорлорду жактырды

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер боюнча комитетинин бүгүн, 18-май күнү Нарын шаарында өткөн көчмө жыйынында бир катар эл аралык келишимдерге байланыштуу ратификациялык мыйзам долбоорлору каралды.

Жыйында алгач Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы Кытайдан кыргыз өлкөсүнө жеңилдетилген насыя берүү боюнча макулдашуунун долбоору каралды.

Өкмөттүн берген маалыматына караганда, макулдашуга ылайык, Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолунун II фазасына, анын ичинде Арал-Казарман тилкесиндеги (195-291-чакырым) жолдун курулушуна Кытайдын "Экспорт-Импорт" банкы 185 миллион доллар, ал эми КЭР өкмөтү 112 миллион доллар көлөмүндө жеңилдетилген насыялык каражат бөлөт. Алгачкы жеңилдетилген мөөнөтүндө 1,5 пайыз жана андан кийин 2 пайыздык үстөк каражат төлөнүүгө тийиш. Макулдашуу долбоорун жактырып, аны Транспорт жана коммуникациялар боюнча комитеттин кароосуна жөнөтүү чечими кабыл алынды.

Ошондой эле “CASA-1000 Борбордук жана Түштүк Азиядагы электр энергиясын өткөрүү жана сатуу долбоору боюнча Кыргыз Республикасы жана Европа инвестициялык банкынын ортосундагы каржылоо жөнүндө макулдашуунун долбоору да жактырылды. Эл аралык келишимге ылайык, “CASA-1000” долбоорунун алкагында кыргыз мамлекети менен Тажикстандан Ооганстан менен Пакистанга электр кубатын экспорттоого мүмкүнчүлүк түзүлөт. Долбоордун жалпы наркы 1 миллиард долларды түзүп, анын 233 миллион доллары кыргыз жерине жеңилдетилген насыя катары бөлүнүүгө тийиш.

Андан сырткары дагы бир катар эл аралык келишимдерге байланыштуу ратификациялык мыйзам долбоорлору жактырылып, Жогорку Кеңештин кароосуна алып чыгуу чечими кабыл алынды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан