Мамлекеттик кадр кызматынын директору
Аалы Карашев кызматтан бошотулду. Тийиштүү жарлыкка мамлекет башчы
Алмазбек Атамбаев кол койгонун 18-майда президенттик аппараттан билдиришти. А.Карашев өз каалоосу менен кызматтан кетүүгө арыз жазганы айтылды.
А.Карашев 1968-жылдын 30-октябрында Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Ак-Жар айылында төрөлгөн. Кыргыз, орус, англис тилдерин билет. Үй-бүлөлүү, 2 баланын атасы. Адистиги - зооинженер, айыл чарба илимдеринин кандидаты. Мамлекеттик кадр кызматынын директору катары 2012-жылдын 10-сентябрынан бери иштеп келген.