Бүгүн, 18-майда өкмөт башчы Темир Сариевдин буйругу менен ЭлТР мамлекеттик телерадиокомпаниясынын башкы директорунун орун басарлары алмашты. Бул тууралуу SUPER.KG порталына мекеменин кызматкерлери билдиришти.
Маалым болгондой, директордун мурдагы орун басарлары Бейшенбек Бекешов менен Султан Абдрахманов кызматынан бошотулуп, Бекешовдун ордуна телеканалдын маалымат программасынын продюсери Айбек Мусаев дайындалса, ал эми Абдрахмановдун ордуна телеканалдын кызматкери Кылыч Мурзалиев дайындалды. Ошондой эле ЭлТР 2015-жылдын 16-мартында мамлекеттик статуска ээ болгондугуна байланыштуу директордун дагы бир орун басары болуп Бекмамат Көчкөнов дайындалды. Ал эми буга чейин директордун милдетин аткаруучу болуп келген Максуда Айтиева 5 жылга башкы директор болуп бекитилди.
Эскерте кетсек, быйыл апрель айында Бейшенбек Бекешов баштаган телеканалдын айрым кызматкерлери жетекчисине каршы чыгышып, анын кызматтан кетишин талап кылышкан. Өкмөт бул маселени изилдеп чыгып, чекит коё турганын билдирген.