Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясы 18-майда кыргыз мамлекетинин Евразиялык экономикалык биримдикке кирүүсү боюнча эл аралык келишимди ратификациялоо боюнча мыйзамдын долбоорун дароо 3 окууда жактырды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына “Ата Мекен” партиясынын басма сөз катчысы Ильич Кулназаров тастыктады.
Кулназаров фракция Жогорку Кеңештеги башка фракцияларды да ратификациялык мыйзам долбоорун тез арада карап чыгууга чакырганын айтты.
Депутат Өмүрбек Текебаев жыйында “эгерде мыйзам долбоорун кароого биз шашылбасак, башкалар шашылбайт” деп билдирди. Жыйында фракция өкмөткө Орусиядагы мигранттардын “кара тизмесинен” кыргыз мамлекетинин жарандарын чыгаруу боюнча бардык иш-аракеттерди аткаруу боюнча тапшырма берди.