Тармактык комитет Гүлнара Искакованы Улуу Британияга, Кубанычбек Өмүралиевди Беларуска элчиликке дайындоону жактырды

Бүгүн, 19-майда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер боюнча комитетинин жыйынында Кыргыз Республикасынын Улуу Британиядагы элчиси кызматына дайындоого Гүлнара Искакованын жана Кыргыз Республикасынын Беларустагы элчиси кызматына дайындоого Кубанычбек Өмүралиевдин талапкерлиги каралды. Айта кетсек, Г.Искакова буга чейин кыргыз мамлекетинин Швейцария, Лихтенштейн, Италиядагы элчиси, Женева шаарындагы БУУнун жана башка эл аралык уюмдардагы туруктуу өкүлү болуп иштеп келип, жакында президенттин буйругу менен кызматтан бошотулган. К.Өмүралиев буга чейин Кыргыз Республикасынын Араб Эмираттарындагы Башкы консулу катары эмгектенген. 

Талкуунун жыйынтыгында комитет мүчөлөрү аталган талапкерлерди жактыруу боюнча чечим кабыл алышты. Мындан тышкары комитет жыйынында Индонезиянын Эл өкүлдөр палатасы менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ортосундагы парламенттик достук топторду түзүү тууралуу өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун долбоору каралып, жактырылды. Комитет мүчөлөрү “2011-жылдын 16-июнунда Москва шаарында кол коюлган "Кылмыш жолу менен табылган кирешелерди легалдаштырууга жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү боюнча Евразия топтору жөнүндө" макулдашууга өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” протоколдун долбоорун да карап, кабыл алышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан