Бишкекте М.Абдраев атындагы музыкалык мектеп-интернатына жардам берүү максатында концерт уюштурулат. Бул тууралуу бүгүн, 19-майда КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Белгилүү болгондой, иш-чара эртең, 20-майда Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өткөрүлөт. Концерт аталган окуу жайдын 50 жылдыгына арналып, анын жүрүшүндө интернатка каражат чогултуу боюнча марафон уюштурулат. Салтанаттуу концертке М.Абдраев атындагы музыкалык мектеп-интернатты бүтүрүп кеткен окуучулар чет өлкөдөн келип, окуу жайды мааракеси менен куттукташмакчы.