Темир Сариев: “Түзөтүү мекемелеринде тартип орнотулган эмес, камакка алынгандарды иш менен камсыздоо боюнча иштер жүргүзүлбөйт"

"Коомчулук бизден чечкиндүү аракеттерди күтүүдө",- деп билдирди өкмөт башчы Темир Сариев 19-майда коопсуздукту жана укук тартипти камсыздоо боюнча өткөн кеңешмеде. Анда Кыргыз Республикасындагы криминогендик абал, укук коргоо органдарынын ишиндеги мыйзамдуулуктун сакталышы, жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын камсыздоо боюнча абал жөнүндө маселелер каралды. 

Кеңеш мүчөлөрү Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин, Ички иштер министрлигинин, Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын, Баңгизатты көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматтын жана Башкы прокуратуранын ишинин натыйжасы тууралуу маалыматты угушту.

Өкмөт башчы Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын ишин сынга алды. Ал белгилегендей, ЖАМКты текшерүүлөрдүн жыйынтыгы терс көрүнүштөрдү берди. "Түзөтүү мекемелеринде тартип орнотулган эмес, камакка алынгандарды иш менен камсыздоо боюнча иштер жүргүзүлбөйт. Ведомство кызматкерлеринин ортосунда пикир келишпестиктер орун алган",- деп түшүндүрүп, Сариев жакынкы арада көйгөйдү чечүү үчүн чаралар кабыл алынарын кошумчалады.

Ошондой эле ЖККнын эки кызматкеринин ортосунда орун алган чатак боюнча Жол-кайгуул кызматынын башчысы Сергей Дьяченконун ишин жетишсиз деп баалады. Премьер-министрдин айтымында, укук коргоо органдарында мындай фактыларга жол берилбеши керек.

Жыйын соңунда ИИМге уюшкан кылмыштуулукка жана криминалитетке каршы күрөшүү боюнча ишти күчтөндүрүүнү тапшырды.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан