Чет өлкөдө жүргөн кыргыз мамлекетинин жарандарынын 10 миңден ашууну биометрикалык каттоодон өтүштү

Чет өлкөдө жүргөн кыргыз мамлекетинин жарандарынын 10 миңден ашууну биометрикалык каттоодон өтүштү. Бул тууралуу 19-майда тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев 2015-жылдын күз айында өтчү парламенттик шайлоолорго даярдык көрүү маселеси боюнча кеңешмеде айтканын өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Өкмөт башчы Темир Сариев шайлоолорго даярдык көрүүнүн сапаттуу өткөрүлүшүнүн маанилүүлүгүн, биометрикалык маалыматтарды чогултуу, аталган маалыматтарды эске алуу менен шайлоочулардын тизмесин түзүү жана Жогорку Кеңешке шайлоолорду өткөрүү алкагындагы республикалык бюджетте каралган иш-чараларды өз мөөнөтүндө каржылоонун маанилүүлүгүн айтты. 

Кеңешменин жүрүшүндө министр Абдылдаевдин өлкөнүн чет жердеги дипломатиялык мекемелериндеги биометрикалык маалыматтарды чогултуу боюнча маалыматы угулду. Анын айтымында, учурда 27 мекемеде биометрикалык маалыматтарды кабыл алуу жүргүзүлүүдө. "Кытай, Пакистан, Кувейт жана Иран мамлекеттеринде биометрикалык маалыматтарды чогултуу иши жыйынтыкталды. Учурда Мамлекеттик каттоо кызматы менен биргеликте биометрикалык маалыматтарды чогултуу боюнча кошумча жабдууларды Орусияга жөнөтүүдөбүз", - деди Абдылдаев.

Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Алина Шаикованын айтымында, биометрикалык каттоодон өткөн жарандардын жалпы саны 2 миллион 517 миң адамдан ашканын айтты. 


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан