Бишкекте 21-майда жаңы усул боюнча дене тарбия сабагын өтүүнүн бет ачары болот. Бул тууралуу бүгүн, 20-майда Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти. Маалыматка таянсак, мындай өзгөртүү кыргыз мамлекетин 2014-2017-жылдары туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясынын алкагында киргизилүүдө.
"Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан укуктук жана нормативдик документтерди, дене тарбиянын программалык-нормативдик негизин баалоо, илимий изилдөөлөр менен тажрыйбалык ишти жалпылоо боюнча аналитикалык иштер жасалды",- деп айтылат маалыматта.