Бүгүн, 20-майда Жогорку Кеңеште “Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө” мыйзамга толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору каралды.
Мыйзам долбоорунун максаты ноталарды же каттарды алмашуу жолу менен түзүлгөн эл аралык келишимдердин долбоорлорунун макулдашуу тартибин жөнгө салуу, ошондой эле алардын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболорду жүргүзүү болуп саналат.
Мыйзам долбоору талкуусуз 2-окууда добуш берүүгө жолдонду.
Мындан сырткары “Ядролук материалдарды физикалык коргоо жөнүндө конвенцияга кошулуу тууралуу” мыйзам долбоору 2-окууда каралып, добуш берүүгө жиберилди.
Ядролук материалды физикалык коргоо жөнүндө конвенцияга кошулуу Кыргыз Республикасына эл аралык терроризмге каршы күрөшүүдө жана региондо тынчтыкты жана коопсуздукту камсыздоодо ага катышкан мамлекеттер менен кызматташууга мүмкүндүк берет. Ядролук материалды физикалык коргоо жөнүндө конвенция ядролук терроризмге каршы күрөшүүгө көмөк көрсөтүүгө багытталган ядролук иш-аракеттин физикалык коопсуздугун камсыз кылуу маселелерин жөнгө салуучу негиздеме - эл аралык акт болуп саналат. Ошондой эле аталган конвенцияда ага катышпаган мамлекеттерге ядролук материалды экспорттоого, импорттоого жана транзиттөөгө тыюу салуу каралган.