Бишкекте дыйкандар айыл чарба тармагындагы заманбап техникалар менен таанышууда

Премьер-министр Темир Сариев бүгүн, 20-майда эл аралык "Айыл-агро 2015" көргөзмөсүнө катышты. Өкмөт жетекчиси бул долбоор инвесторлорду тартууга багытталганын белгилеп буларды айтты: "Биздин өлкөнүн рыногуна узак убакытка кирүүнү каалаган өнөктөштөр дыйкан-фермерлерге өздөрүнүн продукциясын тааныштырышы керек. Көргөзмөгө өлкөнүн бардык аймактарынан фермерлер келишти. Мындай глобалдуу максатка жалгыздап жетишүү мүмкүн эмес, бизге көмөктөшкөн уюмдарга ыраазычылык билдирем".  
Сариев айыл чарба тармагын өнүктүрүү үчүн мыкты эл аралык тажрыйбаларды колдонуу зарылдыгын кошумчалады. "Кесипкөйлүк жактан өсүү үчүн дүйнөлүк деңгээлдеги эксперттердин пикирин билүү маанилүү. Алар менен түздөн-түз сүйлөшүү керек, ошондуктан көргөзмөгө агроөндүрүш индустриясынын лидерлери чакырылган",- деди өкмөт жетекчиси. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан