2015-жылдын 13-майынан 15-майына чейин Нарын жана Ысык-Көл облустары боюнча Каржы министрлигинин аймактык бөлүмдөрүнүн 96 кызматкери аттестациядан өттү. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлады. "Эки облустун кызматкерлерин аттестациялоонун жыйынтыгы боюнча 5 кызматкер жогорулатууга сунушталса, 83 кызматкер ээлеген кызмат ордуна ылайыктуу деп табылды, ал эми 8 кызматкер 6 айдан кийин кайрадан аттестациядан өтмөй болду",- деп билдирет министрлик.