Пётр Порошенко Донбассты аскердик күч менен бошотуп алууга болбой турганын билдирди

Украинанын президенти Пётр Порошенко Донбассты аскердик аракеттер менен Киевдин карамагына кайтарып алуу мүмкүн эместигин билдирди. Президент мындай пикирин чет элдик маалымат булактарынын бирине берген маегинде айтты. 
"Менин өлкөмдүн аймагын аскердик каражаттар менен бошотуп алууга болот деп ойлобойм",- деп билдирген Порошенко Орусия президенти Владимир Путинге ишенбестигин, буга карабай сүйлөшүүгө барып жатканын, анткени сүйлөшүүдөн башка жол көрө албай турганын маалымдады. "Украина Орусия колдогон сепаратисттер менен согушкан жок. Бул Орусия менен болгон чыныгы согуш",- деп кошумчалады Украина лидери. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан