Сугат-айдоо жерлерин башка категорияларга которууга мораторийди алып салуу 3-окууда каралды

Сугат-айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө” мыйзамга толуктоо киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору бүгүн, 20-майда Жогорку Кеңеште 3-окууда каралды. 

Мыйзам долбоору аркылуу дене тарбия, ден соолукту чыңдоо комплекстерин куруу үчүн сугат-айдоо жерлерин жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторийди алып салуу сунуш кылынган. Мораторий жайылтылбаган жерлердин тизмесин дене тарбия, ден соолукту чыңдоо комплекстерин куруу үчүн жерлерди трансформациялоо учурлары менен толуктоо каралган.

Маалыматка ылайык, президент Алмазбек Атамбаевдин жана "Газпром" башкармалыгынын төрагасынын 2014-жылдын 8-10-сентябрында болуп өткөн жолугушуусунун жүрүшүндө "Газпром" балдарга" программасынын алкагында "Газпром" ААК Кыргыз Республикасынын аймактарында дене тарбия, ден соолукту чыңдоо комплекстерин курууну каржылай тургандыгы жөнүндө макулдашуу болгон. Мында көрсөтүлгөн комплекстерди куруу аяктагандан кийин аларды муниципалдык менчикке акысыз берүү болжолдонуп жатат. Анын натыйжасы боюнча 2015-жылы Бишкек, Чолпон-Ата, Талас жана Кара-Суу шаарларында төрт объект куруу жөнүндө чечим кабыл алынган.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан