Жогорку Кеңеш 20-майдагы жыйынында Кыргыз Республикасынын Евразиялык экономикалык биримдикке кошулушу жөнүндөгү эл аралык келишимди 3 окууда ратификациялады. Жалпысынан добуш берүүгө катышкан 98 депутаттын 96сы "макул", 2сү "каршы" деп добуш беришти.
Өлкөнүн ЕАЭБге кирүүсүнө байланыштуу ратификациялык мыйзамдардын долбоорлору төмөнкүлөр:
- “2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык союзу жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусу боюнча эл аралык келишимдерди ратификациялоо тууралуу” мыйзамдын долбоору;
- “2000-жылдын 10-октябрында Астана шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Орусия өкмөтүнүн ортосундагы өз ара соодада кыйыр салык алуунун принциптери жөнүндө макулдашууну денонсациялоо тууралуу” мыйзамдын долбоору;
- “1997-жылдын 18-февралында Алматы шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) экспорттоодо жана импорттоодо кошумча нарктан салык алуунун принциптери жөнүндө макулдашууну денонсациялоо тууралуу” мыйзамдын долбоору;
- “1997-жылдын 11-июнунда Алматы шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы товарларды экспорттоодо жана импорттоодо акциз салыгын алуу принциптери жөнүндө макулдашууну денонсациялоо тууралуу” мыйзамдын долбоору.
Айта кетсек, бул эл аралык келишим ЕАЭБге мүчө болгон мамлекеттердин (Орусия, Беларусь, Казакстан, Армения, Кыргыз Республикасы) баарынын парламенттери тарабынан ратификациялангандан кийин толук күчүнө кирет.